// //

Күйөөм кайын энеме көрсөтпөй балдарыбызга шорпо куюп берчи

2020.06.25, 16:10
12355

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

“Аялыңдын көзүн карайсың!” деп күйөөмдү урушат"

Быйыл Кукумсуз тогузунчу жайды тосуп жатам. Мен азыр сырткы дүйнөгө кайдыгермин. Сүйүүдөн тапкан балдарыбыздын багына аман болуп, Кукум көрбөй кеткен жакшылыктарга күбө болсом болду. Мага башка эч нерсенин кереги жок. Тигилер сунуштап жаткан экинчи күйөөнүн дагы.

Башкача жакшы адам эле. Бул мерез дүйнөдө ага орун жок болчу. Баласаактыгын айт. Төрттү төрөдүм, бирөөсүнүн дагы көтөнүн жууган жокмун. Эмизип эле бергеним болбосо, калганын баарын өзү бүтүрчү.

Кайын-журтум бизден эки көчө кийин турат. Кайын энем күн алыс үйгө келип, бир сыйра ызы-чуу салып кетет. “Аялыңдын көзүн карайсың!” деп күйөөмдү урушат. Мени, неберелерин көргүсү жок. Жашырганда эмне, алып бере турчу кызы мен эмес элем. 

Кукум камаз айдап иштейт. Эч качан үйгө кур келбейт. Колунда ар дайым момпосуй же балмуздак. Бир жолу бут кийими жок жылаңаяк келди. Эмне болгонун сурасам, жолдон бир селсаякка жолугуп калганын айтты. Көп өтпөй күрмөсүнө жарым жан күчүктү ороп келди. Бирөө машина менен уруп кетиптир. Азыр Актөш бир буту жок болсо дагы, корообузга эч кимди киргизбейт.

Кайын энем коюн күйөөмдөн башкага эч кимге сойдурбайт. Жаман көрөрүн билсе дагы мага кошуп балдарыбызды ээрчитип алат.

- Балдар үйдө эле калса кантет.

- Баарын түшүнүп турам. Жаңы шорпо ичип алышсын деп жатпайынбы. Ден соолуктарына пайда. Көптөн бери эт да жей элекпиз.

Шорпосу бышканда акырын көзүн ымдап балдарыбызды чакырат. Мен боорсок кесип жатып баарын байкап турам да. Кайын энем жокпу эки жакты карап, шорпо куюп, эттен кесип берет. Бир жолу кайын энем көрүп калып, “ушу балдар эч тойбой койду, тамакка сугуңар өтөт, ары ойногула” деп урушкан. Жанынан өтүп баратсам, оозума бир кесим эт салып, жүзүмдөн өөп коет. Болду, калгандарын айтып бергенге могу жүрөгүм чыдабайт.

Жаназасында эл көп болду. Эки уулум эки жагымдан тиреп турду. Алар болбосо, Кукума кошулуп кетмекмин. Алтындарым десе, заматта чоңое түшүштү. Жаш экенине карабай оор жүктү мойнундарына алып, карындаштарына атасын жоктоткон жок.

Бир күнү бейтааныш байке келип балык таштап кетти. Ким экенин сурасам, бут кийимин көрсөттү. Кукумдуку экен.

Баса, кайын энем биз менен катташпай калды. Балдарды ээрчитип үйүнө көп жолу бардым. Киргизбей койду. Эми өзү билет да.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт