// //

Ала качып кетсе эмне кылуу керек? Юрист айтып берет

2018.12.06, 10:42
2611

Кыз ала качуу - кылмыш! 5 жылдан 7 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Юрист Нурислам Раимжанов кыздарга ала качып кетсе эмне кылуу керектигин айтып берди. 

  • Ала качууга кабылсаң, мүмкүн болушунча адамдардын көңүлүн бур. Мисалы, бакырып, сени уурдап бараткандарын айтып, элден жардам сура. 
  • Эч ким жардамга келбесе, ала качкан адамдардын жүзүн, автоунаанын маркасын, түсүн, номерин жаттап калууга аракет кыл.
  • Ала качуу учурунда кол телефонуңду көрсөтпө. Алар сага чалууга мүмкүнчүлүк беришпейт жана алып коюшат. Телефондун кереги, кийинчерээк, сени жалгыз калтырганда  тиет.

  • Ала качкандарга алың жетпесе, күчүңдү сактап калуу үчүн көп каршылык көрсөтпө. Бул кылмыш экендигин жана алар сөзсүз жоопкерчиликке тартылаарын айт.
  • Үйүнө алып барышканда, үй ээлерине мындай жол менен турмушка чыгууга каршы экениңди жана кылмыш кылып жаткандарын эскерт.
  • Алып барган үйдүн дарегин билүүгө аракет кыл, мүмкүнчүлүк болору менен жакындарыңа жана милицияга (102) байланышка чыгып - кайсы жерден, саат канчаларда, кайсыл жакка, канча адам, кандай автоунаа менен алып качышкандыгын айтып бер.

  • Жакындарың келгенче нике кыйдырууга аракет кылышса, турмушка чыгууга каршы экениңди билдир. Аялдын ыраазычылыгын алмайын, молдонун нике кыюга укугу жок.
  • Ала качкан жерден чыгарың менен милиция бөлүмүнө болгон окуя боюнча арыз жаз. Арызыңа 14 күндүн ичинде жооп берүүлөрү керек.
  • Тергөөчүнүн телефон номерин жазып ал. 14 күндүн ичинде арызыңа жооп бербесе, чалып сура.
  • Ден-соолугуңа зыян келтирилген болсо, тергөөчүдөн сага соттук-медициналык экспертиза дайындоо боюнча токтом чыгарып берүүсүн сура. Токтомду алып экспертизадан өт (экспертизанын корутундусун тергөөчү өзү алат, сен болгону ал жакка барып өтүп коёсуң).

14 күндүн ичинде арызга жооп бербөө -  мыйзам бузуу болуп эсептелет, бул боюнча прокуратурага кайрыл.

Өз укугуңду бил! Корго! Колдон!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт