Эми "Айыл Банктын" "Наристе" депозитин үч жылга ачса болот
«Айыл Банк» ААК ушул жылдын 29-июнунан баштап «Наристе» балдар топтолуучу депозитин жылдык 11% үстөк пайыз менен 36 айга ачуу мүмкүн экендигин маалымдайт. Бул балдарынын келечегине азыртадан кам көрө баштаган кардарлар үчүн мыкты мүмкүнчүлүк.
Ачуу үчүн минималдуу сумма - 1000 сом же $ 20
Бир жолу толуктоого минималдуу сумма - 500 сом же $ 10.
Кошумча салымдарды кабыл алуу депозиттик келишимдин мөөнөтү аяктаганга 30 күн калганда токтотулат.
Валюта | 24 ай | 36 ай |
---|---|---|
KGS | 10% | 11% |
USD | 3% | - |
Депозит баланын ата-энесинин же камкорчусунун бирине ачылат. Ачуу үчүн ата-энесинин / камкорчусунун паспорту жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жетиштүү. Эсептин реквизиттерин билген адам депозитти толуктай алат. Демек, чоң ата, чоң энеси, башка туугандары да баланын келечегине кам көрүүгө катыша алышат.
Мындан тышкары, 2020-жылдын 1-августуна чейин өтүп жаткан "Айыл Банктын" "Депозит+1" акциясы тууралуу эскерте кетели. Акция "Кенч", "Керемет", "Ардагер" депозиттерине тийиштүү.
Депозиттин аталышы
Келишимдин мөөнөтү | |||
---|---|---|---|
(айлар менен) | "Керемет" | "Ардагер" | "Кенч" |
9 | 5% +1 | 6% +1 | 7% +1 |
12 | 6% +1 | 7% +1 | 8% +1 |
18 | 8% +1 | 8% +1 | |
24 | 9% +1 | 9% +1 | |
36 | 11% |
Депозиттердин башка түрлөрү дагы бар. Алар жөнүндө бардык маалыматтар банктын сайтында жеткиликтүү.
"Айыл Банк" сизге жакын!