Спираль салдырып сактануу күнөө эмеспи?
Саламатсызбы! Менин балдарым өтө кичинекей. Алар чоңойгонго чейин, спираль салдырып сактанайын дедим эле. Шариятыбыз спираль салдырып сактанууга уруксат береби?
Бактияр Токтогазы уулу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси
Исламда жубайларга пландаштырылбаган кош бойлуулуктан сактанууга уруксат берилет. Спираль салдыруу аялдын ден соолугуна зыян эмес болсо, бул жерде эч кандай тоскоолдук жок. Аялы менен күйөөсү чогуу чечишип, балдар чоңойгончо же шарт болгончо коргонуу каражаттарын колдонсо болот.
Ассалом алейкум. Биз аялым экөөбүз өткөн жылдын октябрь айында Иркутск шаарына келгенбиз. Арадан көп өтпөй аялымдын агасы үйлөнөм дегенине байланыштуу аялым Кыргызстанга 20.01.2020 кеткен. Андан кийин коронавирустун айынан чек аралар жабылып мына мына жол ачылса бирге болобуз деп жүргөнбүз. Кече жакында тагыраагы 29.06.2020 күнү түнкү саат 3 тө агам кызуу келип аялымды зоордуктап коюптур. Аялымды аракет кылып жооткоттум кичине болсо да аракет кылып баштады жашоого. А бул болгон окуя тууралуу эч ким эч нерсе билбейт. Ата энеме биз экөөбүз келише албай калдык үйүнө (төркүнүнө) кетип жашап турсун деп кетирдим, ата энем бир тууган эжелерим жанды койбой эмне болду деп сурап жатышат, аларга эмне деп жооп берем. Туура жол көрсөтүп жардам бериңиздерчи. Кыйналып кеттим,аялым да ыйлай берип кыйналды. Бул нерсени ата энем билгени жакшыбы же ушул бойдон өз ичибизде калганы жакшыбы? Анан аялым экөөбүз никебизди жаңылайбызбы же кандай болот.