Көзү азиз окуучулар ЖРТ тапшырса болобу?
Саламатсызбы! Менин бир тууган иним окууга тапшырам деп жатат. Бирок анын эки көзү тең азиз. Жалпы республикалык тест тапшырса болобу? Кандай кесип сунуштай аласыз?
Чынара Батракеева
Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлү
Саламатсызбы! Бишкекте жыл сайын көрүүсү начар же көзү азиз окуучулар үчүн тест өткөрүлөт. Бирок, кайсы региондо болбосун, бизге алдын ала кайрылуу жасашы керек. Анткени, биз ал жерге атайын администраторлорду жөнөтөбүз. Алар окуучунун жанында отуруп, окуп, түшүндүрүп турат. Алдын ала азыртадан кайрылышы керек, ошого жараша биз материалдарды даярдайбыз.
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 90-2, телефон (996) 312 66-48-38.
Марат Ташбаев
Азиздер жана дүйлөйлөр кыргыз коомунун төрагасы
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында көзү азиз жана жакшы көрбөгөн студенттер үчүн эки жылдык массаж факультети бар. Окутуу бюджеттик негизде жүргүзүлөт. Окууну бүткөндөн кийин, кааласа бюджеттик поликлинкаларга жумушка орношсо болот. Ал жерде бирден-экиден көзү азиз киши массажист болуп иштейт. Көзү азиздер үчүн кесип тандоо боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн 0312 35 33 85 номерине чалса болот.