Алимент өндүрүү боюнча сот аткаруучу мени менен өзү байланышабы?
Саламатсызбы. Алимент өндүрүү боюнча 28-февралда соттун чечими чыккан. Техникалык себептерге байланыштуу ката кетип, 6-май күнү чечим күчүнө кирди, деп мөөр басылды. Аткаруу баракчасын жаздырып, почта аркылуу Сокулук районуна жөнөткөм. Сот аткаруучулардын телефондору жок. Алар мени менен өздөрү байланышабы? Төрт айдан бери алимент өндүрө албай жатам, буга ким жооптуу? Кимге кайрылсам болот?
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Аткаруу баракчасын Сокулук районуна жөнөтүптүрсүз. Ошол документке өзүңүздүн “аткаруу баракчасын өндүрүшкө кабыл алып, алиментти өндүрүп, менин эсебиме которуп бергиле” – деген маңыздуу арызыңызды кошо тирекдиңизби? Эгер ал бар болсо, анда телефон номериңиз, дарегиңиз көрсөтүлгөнбү?
Бул талаптар аткарылбаса, сот аткаруучу сизди таба албайт. Ошондуктан тез арада Сокулук райондук сот аткаруу кызматына барып, кимдин өндүрүшүндө экенин билип, аны менен тыгыз байланышта иш жүргүзүңүз.
Ийгилик!
Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Келинчегим мага айтпай туруп үйүбүздү сатып жиберген. Сотко кайрылсам болобу?
Апам үйдү өз наамына өткөргүсү келет, менин уруксатым жок өткөрө алабы?
Кайын атамдын үйүндө өгөй кайын агам турат. Үйүбүздү кантип өзүбүзго алсак болот?