Кыргызтсанга барбай туруп, университетке тапшырсам болобу? Адис жооп берет
Саламатсызбы. Мен чет өлкөдөмүн, Францияда. Онлайн түрүндө ЖРТ тапшыра аламынбы? Кыргызстанга барып отурбай, Университетке онлайн окусам болобу? Чет тилдер факултетинде окугум келет.
Жылдызбек Жакшылыков
Ала-Тоо эл аралык университетинин Дистанттык билим берүү борборунун директору
Саламатчылык. Пандемия шартында, ЖРТни онлайн тапшырса болобу же жокпу деген суроого так жооп алуу үчун Билим берүү министрлигине кайрылуу зарыл. Ал эми Университетте онлайн билим алуу боюнча төмөнкүлөрдү айтып бере алам:
- Эгер Кыргызтсандын жараны болсоңуз жана аттестатыңыз да Кыргызстандыкы болсо, анда ЖРТ тапшыруу керек.
- Эгер чет мамлекеттин жараны болсоңуз анда ЖРТ керек эмес.
- Эгер Кыргызстандын жараны бирок атестатыңыз чет мамлекеттики болсо, мында да ЖРТнин жыйынтыгы керек эмес.
Биздин университетте чет тилдер бөлүмү бар. Педагогикалык курамыбыз абдан күчтүү.
Биздин alatoo.edu.kg сайтына кирип, дистанттык билим алуу тууралуу кеңири маалымат алсаңыз болот.
Ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Дистанттык билим алуу тууралуу бул жактан окусаңыз болот:
Дистанттык билим алуу үйдөн чыкпай диплом алууга мүмкүнчүлүк берет