Канча жумада ичтеги баланын жүрөгү сого баштайт? Гинеколог жооп берет
Саламатсызбы. Этек кирим 7-аперлде келип, 12де токтогон. Тест салсам, эки сызык чыкты. Канча жума кош бойлуу болушум мүмкүн? Канча жумада баланын жүрөгү сого баштайт?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Эгер буга чейин этек кириңиз туруктуу келип жүргөн болсо бүгүнкү күнгө кош бойлуулугуңуздун мөөнөтү 7-8 жума болушу мүмкүн. Эгер этек кириңиз регулярдуу эмес келип жүрсө, анда так мөөнөтү УЗИден аныкталат.
Түйүлдүктүн жүрөгү кош бойлуулуктун 5-6-жумасында сого баштайт.
Аман-эсен көз жарып алыңыз.
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук боюнча башка маалыматтарды окусаңыз болот:
Кош бойлуулук календары (1-12 жума)
Кош бойлуумун аз-аздан кан кетип жатат. Коркунучу жокпу? Гинекологдун жообу
Жатыным эки ача экен, бойго бүтүүгө тоскоолдук болбойбу? Гинеколог жооп берет
18 жашымда дары менен бодйон түшүргөм, эми төрөй албаганым ошондонбу?