// //

Басканы кыздарга окшош жигиттин баяны

2018.11.29, 17:09
2101

Саламатсызбы! Мен эркек баламын. Кичинемден бери кыздар менен ойноп чоңойдум. Азыр да кыздар менен бат тил табышам. Үнүм назик, басканым да бир аз кыздардыкына окшошуп кетет.

Байкем чыныгы эркек. Мени жактырбайт, сөгөт, кемсинтет, урат. Эжем да "эркектей болчу" деп кол көтөрүп жүрдү.

Убакыттын өтүшү менен мындай сөздөрдү көп уга турган болдум. Сөгүнбөсөм, бирөөгө жамандык кылбасам, уурдабасам эмнеге мага мындай мамиле жасашат?  Сыгылып, ызаланып, кыйналып жүрөм. Кызтеке эмесмин!

Узактарга кетип, өзгөрүп, башка адам болуп кайтып келгим келет. Буйурса чоң максаттарым бар: спорт менен машыгуу, үйлөнүү, балалуу болуу. 

Азат, 17 жаш


Бермет Уланова, гештальт-консультант:

Урматтуу жигит, психологиялык жетилүү мезгилиңде айланаңды кыздар курчагандыктан, өзүң айтып жаткан манералар пайда болгон. Кемсинтүүлөргө, түшүнбөстүктөргө дуушар болуп жатканыңды сезип турам.  

Бул жерде эң маанилүүсү - өзүңдү өзүң кантип сезгениңде. "Кыздарды жакшы түшүнөм, бат тил табышам",- деп жазып жатасың. Ошондой эле, келечекте үйлөнүп, балалуу болгуң келээрин айттың. Эгерде сенде жынысыңды аныктоо боюнча эч кандай көйгөй жок болсо, кылык-жоруктар үстүндө иштесе болот, убакыт гана керек.

Эмнеңди өзгөрткүң келет, жакшылап ойлон. Чынында эле өзгөргүң келеби же бул башкалардын каалоосубу? Үнүң, манераң өзүңө жакса болду, үй-бүлөңө же бирөөгө жагыш үчүн өзгөрүүнүн кереги жок. Эгер өзгөрүүнү чечсең, кичинеден башта, себеби толугу менен өзгөрүү кыйын болот. 

Үй-бүлөңдүн сага кол көтөргөнү туура эмес. Сени ур-токмокко алганга эч кимдин акысы жок. Мындан ары зомбулукка жол бербе, өзүңдү корго. Жакындарың менен ачык сүйлөш, эмнең жакпайт, эмне үчүн өзгөрүшүңдү каалап жаткандарын бил. 

Байкеңди "чыныгы эркек" деп жатасың. Сенин түшүнүгүң боюнча чыныгы эркек кандай болушу керек?

Менин көз карашым боюнча, чыныгы эркек - бул, "мен эркекмин" деп төшүн кага бербеген,  алсыздарды капалантпаган, жакындарына жардам берген, адептүү, чынчыл, эр жүрөк адам. 

Ар бирибизде "чыныгы эркек же аял кандай болушу керек" деген сапаттар тизмеси бар. Ошондуктан жакындарыңдын сөздөрүн жүрөгүңө жакын кабыл алба. Бул алардын жеке пикири, жалпыныкы эмес. Ар бир адам кандай болгусу келсе, ошондой болууга укугу бар!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт