Кош бойлуу кезде сууну көп ичсе болобу? Гинеколог жооп берет
Саламатсызбы. Мен кош бойлуумун, 36 жума болуп калды. Сууну көп ичем, ден соолугума зыяны жокпу? Акыркы жумаларда эмнелерди жешим керек? Эмнелерди жебешим керек?
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акышер-гинеколог
Саламатчылык. 36 жумалык мөөнөттө адаттагыдай эле болот. Колдон келсе, аз-аздан бирок күнүнө 5 маал тамактанып туруңуз. Акырындык менен күнүмдүк рациондон ак ундан жасалган нан, ачытылган камырдан жасалган азыктарды (булочка, боорсок), таттууларды жана ачуу тамакты азайтыңыз. Эгер колу-бутуңуз шишип калып жатса, суу ичүү режимин да өзгөртүү зарыл. Бөйрөккө күч келтирбөө максатында “позиционная гимнастика” дегенди жасасаңыз болот. Позициондук гимнастика тууралуу интернетте кеңири маалымат бар.
Жер-жемиштерди, мөмө жемиштерди көбүрөөк жеңиз. Андан тышкары кычкыл сүт азыктарын, жана кактан жасалган компот ичсеңиз болот.
Аман-эсен көз жарып алыңыз!
Гинеколог Раушан Джумагулованы инстаграмдагы @erkai_clinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка