Татыктуу карылыкты кантип камсыз кылуу керек? "Айыл Банктын" "Ардагер" депозити
Алды-артын ойлогон адамдар пенсия курагына чейин эле келечектеги пенсиясына кам көрүшөт. Себеби жашоо сапатын жоготпош үчүн, ушул жашта кайда жана кайсы каражатка жашоо керек деген суроолор актуалдуу бойдон калууда. Эсептерди төлөө, сапаттуу тамак-аш сатып алуу, сууда сүзүү же спорт залга жазылуу, эс алуу билеттерин сатып алуу - булар пенсиялык куракта да болушу керек. Андыктан, акча чогултууну мүмкүн болушунча эртерээк баштоо зарыл.
Эгерде сиз муну алдын-ала жасай албай жана пенсияга чыга турган куракка келип калсаңыз, анда рыноктогу финансы / банк куралдарын - депозитти колдонуу кеч эмес.
Бүгүнкү күндө "Айыл Банк" ар кандай депозиттерди сунуштайт. Алар жөнүндө бардык маалыматтар банктын сайтында жеткиликтүү. Бүгүн пенсиялык куракка жеткен кардарларга арналган, ай сайын пайыздарды төлөп берген "Ардагер" депозити жөнүндө айтып беребиз.
"Айыл Банк" учурда "Ардагер" депозити жана башка эки депозит түрү боюнча - "Керемет" жана "Кенч" - "стандарттуу ченге +1" акциясын өткөрүп жатат. Акция 2020-жылдын 1-августуна чейин уланат.
"Айыл Банктын" каалаган кеңсесинен "Ардагер" депозитин 36 айга чейин (3 жылдык мөөнөткө) жылдык 11% менен улуттук валютада ачсаңыз болот.
Мындан тышкары, пенсия которула турган “Элкарт” пенсиялык картасын “Айыл Банктан” ачып алсаңыз, анда ошол картадагы белгилүү бир сумманы ар ай сайын "Ардагер" депозитине автоматтык түрдө которо аласыз. Кызматты кошуу үчун арыз жазуу жетиштүү. Ошентип, депозит толуктала берет, ал эми сиз банктын кеңселерине барып убара болбойсуз. Бул нерсе Covid-19 пандемиясынын оор мезгилинде өзгөчө актуалдуу.
Толук маалыматты www.ab.kg сайтынан окуй аласыз.