2018-жылы ЖРТ тапшырып коюп аскерге кеткем. Быйыл ошол сертификатым жарайбы?
Саламатсызбы! Мен 2018-жылы ЖРТ тапшырып, ошол эле жылдын сентябрь айында аскерге кызмат өтөгөнгө кеттим. 2019-жылы октябрь айында бир жылдык кызматым бүттү. 2018-жылы тапшырган ЖРТым 2020-жылга жарайбы?
Чынара Батракеева
Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлү
Саламатсызбы! Билим берүү жана илим министрлигинин жарлыгы боюнча, азыркы учурда аскердик мөөнөт өтүп жаткандарга жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы үч жылга жарактуу болуп эсептелет. Эгерде аскерде кызмат өтөп жүргөн адамдын колунда упайы 110 баллдан жогору болгон ЖРТнын жыйынтыгы бар болсо, ошол эле сертификат менен кийинки жылы жогорку окуу жайга кире берсе болот. Кааласа кайрадан тапшырса дагы болот.
Бул жерден ЖРТ тууралуу кошумча маалыматтарды окуй аласыз:
Армияга кызмат өтөп келгенден кийин ЖРТ тапшыра аламбы?
Жалпы республикалык тестирлөөгө кантип даярданса болот? Адис жооп берет
Былтыр ЖРТга катталып, бирок барбай калгам. Быйыл акча төлөбөй катышсам болобу?