Кош бойлуу кезде доплерден өтүү зыян эмеспи? Гинеколог жооп берет
Саламатсызбы. Кош бойлуумун, 19 жума болуп калды. 20 жума болгондо доплерге түшөйүн дегем, бирок зыян деп жатат. Канчалык зыян?
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Саламатчылык. Медициналык протоколго ылайык кош бойлуулук учурунда УЗИ үч ирет жасалат. Биринчи скрининг - 12 жумалык мөөнөттө, экинчи - 22 жума болгондо, үчүнчү - 36 жумада.
Калган учурларда учетко алган гинекологдун көрсмөтмөлөрү менен жасалат.
Адатта доплерден 28 жумалык мөөнөттө өтүү зарыл.
Доплерографиялык изилдөөнүн эне жана баланын ден соолугу үчүн зыяны жок.
Гинеколог Раушан Джумагулованы инстаграмдагы @erkai_clinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка