Башында “опухоль” болсо мээси айнып калат деген чынбы? Адистин жообу
Саламатсызбы. 19 жаштагы кайын сиңдим бар. Эки айдан бери ооруп жатат. Ата-энеси жин-шайтан кирип кетиптир, деп молдолорго көрсөтүп жүрүшөт. Психологдорго алып баргыла десек, жинди деп, камап салышат, деп коркуп жатышат.
Кайын сиңдим бир туруп жакшынакай эле сүйлөйт, бир туруп түшүнксүз сүйлөп калат. Кээде заара кылып койгонун да билбей калат экен. Түнү менен уктабай, тополоң кыла берет.
Кимге кайрылсак болот? Медицинада ушундай оору барбы? Башында “опухоль” болсо да мээси айнып калат, деп айтышат, ошол чынбы?
Лилия Мухтарова
Клиникалык психолог, дефектолог
Саламатчылык. Сиздин кайын сиңдиңизге сөзсүз психиатрдын консультациясы керек. Психикалык ден соолуктун республикалык борборунда (РЦПЗ) Фёдорова Людмила Юрьевна, деген адис бар. Ошого кайрылып көргүлө. Бейтапты эртерээк текшерүү зарыл, убакыт өткөн сайын кайра мурунку калыбына келтирүү оорлой берет.
Туугандарыңыз сарысанаа болушпасын, алардын жана бейтаптын өзүнүн макулдугу жок стационарга жаткырышпайт. Ошондуктан бекитип коюшат, деп коркууунун кереги жок.
Ал эми мээсинде шишик болсо ушундай симптомдор болот деп айтуу мүмкүн эмес. Мен азыр кандайдыр бир божомолдоолорду жасаганым да өтө опурталдуу. Менин айткандарыман шишик жок болуп кетпейт, эгер ал бар болсо. А бирок эгер жок болсо, бирок мен шишик болушу мүмкүн деп жоромолдосом, кайын сиңдиңиз абдан ишенчээк болсо, ойлоно берип, ошондон улам пайда болуп калышы да мүмкүн.
Буларды МРТ же ЭЭГ изилдөөдөн өткөндөн кийин гана так айтууга болот.
Ийгилик!
Лилия Мухтарова менен инстаграмдагы @liliya_defectolog_bishkek баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.