Күндүз көргөн нерселеримди кайра түш көрөм. Бул нормалдуубу? Психологдун жообу
Саламатсызбы. Мага да жооп алып берип коесузбу? Мен уктаган учурда күндүз эмнени көрсөм ошону кайра түш көрөм. Мисалы кино, күндүз жолуккан адамдар, болгон окуялар ж.б. Кайра-кайра кайталана берет. Интернеттен окусам “осознанный сон” деп аталат экен. Бул нормалдуу эле нерсеби?
Лилия Мухтарова
Клиникалык психолог, дефектолог
Саламатчылык. Мындай көрүнүштү нормалдуу деп айтуу кыйын. Сиздин уйкуңуз терең эмес, демек организм, мээ эс албайт. Ар дайым бир нерсеге кабаатыр болуп көп ойлонгондон улам ушундай болушу мүмкүн. Бирок бир диагноз коюп, ишенимдүү бул же тигил деп айтып, кеңеш бере албайм.
Эгер бул сиз эс тарткандан бери орун алып жатса, балким бала кезиңизде кандайдыр бир психологиялык травма алгансыз. Андайда психолог менен бир топ убакыт иштешүү керек.
Ал эми психиатрга кайрылсаңыз ал медикаментоздук дарылоо жазып берет. Препараттар себебин аныктабайт жана жок кылбайт. Бирок уйкуңузду тереңирээк жана тынчыраак болушуна жардам берет.
Лилия Мухтарова менен инстаграмдагы @ liliya_defectolog_bishkek баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.