Бул тесттен өтсөңүз, өзүңүздү жакшы көрөсүзбү же жокпу билинет
Белгилүү психолог Михайл Лабковскийдин тесттинен өтүп, өзүңүздү жакшы көрөсүзбү же жокпу билип алыңыз. Суроолор өтө жөнөкөй, бирок аларга чын жүрөктөн жана ойлонбостон жооп берүү керек.
"Ар дайым" үчүн 1 упай, "кээде" үчүн 2 жана "эч качан" үчүн 3 упай бериңиз.
- Мага сырткы келбетим жагат.
- Мен өзүмдүн жөндөмүмө ишенем.
- Мен өзүмдү жакшы адам деп эсептейм.
- Мен кетирген каталарыма өкүнбөйм, алар мага тажрыйба болду.
- Көрө албастыкты билбейм.
- Мен өзүмдү эч кимге салыштырбайм.
- Мен өзүмдү ак ниеттүү адам деп эсептейм.
- Мага өзүмдүн жаш курагымды айтуу жагат.
- Мага кесибим ким экендигин айтуу жагат.
- Мага комплимент уккан жагат.
Жыйынтыгы:
12 упайга чейин:
Шексиз сүйүү
Укмуштай жыйынтык! Бул өзүңүздү шексиз сүйүүнү биле турганыңызды көргөзөт. Сиз өзүңүздү кандай болсоңуз, ошондой кабыл аласыз, өзүңүздөн кемчилик издебейсиз, уникалдуу жана кайталангыс экениңизге ишенесиз. Мындай адам ар нерсеге жөндөмдүү: ал өз тармагында мыкты профессионал, акыр аягы ийгиликке жете алат (анын ичинде каржылык жактан дагы), баласына сүйүү жана ишеним сезимин өрчүтө алган сонун ата-эне болот. Ушунуңуздан жазбаңыз!
13-20 упай:
Умтулууга негиз бар
Көпчүлүк адамдардай эле, сиз дагы өз жөндөмдөрүңүздөн шек санайсыз. Бирок, жалпысынан, сиз өзүңүздү сүйүүгө жана кабыл алууга үйрөнүүгө аракет жасайсыз. Туура жолдо баратасыз! Өзүңүздү жана каалоолоруңузду көбүрөөк угууга, өз оюңуз менен эсептешүүгө аракет кылыңыз.
21 жана андан жогору:
Көйгөйлөр бар
Тилекке каршы, сиз өзүңүздү көп сүйө бербейсиз. Балким, буга татаал балалыгыңыз себепкер, ошондуктан сиз башкаларга теңелип, дайыма "жакшырып" турууга көнүп калгансыз. Бактыга жараша, өзүңүздү сүйүү мүмкүн экендигин түшүнүү бул тоскоолдукту жеңүүгө жардам берет. Дароо сизге жаккан жана жакпаган нерсени айтуудан баштаңыз, каалаган нерсеңизди жасаңыз. Ошондо кырдаал жакшы жакка өзгөрөт!
Дагы кызыктуу тесттер бул жакта:
Бул 3 суроого жооп берсеңиз, кандай адам экениңиз билинет
Сууну элекке салып көтөрсө болобу? Бул тесттен кыйын адам гана өтө алат
Конокторду таарынтпай табак тарта алам десеңиз, бул тесттен өтүңүз
Курманжан датканын сүрөтү канча сомго түшүрүлгөн? "Алай ханышасы" тууралуу тест
Эмнеге шыпыргыны өйдө тургузбаш керек? Ырымдарды мыкты билсеңиз, тесттен өтүңүз
Конок тосуу колуңуздан келеби? Ананчы, десеңиз, бул тесттен өтүңүз
Эт бышыра албай уят болбойм десеңиз, бул тесттен өтүңүз
Бул кайсы кино каармандын улгайган учуру? Кыйындыгыңызды тест менен сынаңыз