Бейтапканага баралбай жатам. Циститти үй шартында дарыласа болобу?
2020.05.05, 13:08
4803
Саламатсызбы! Циститти үй шартында дарыласа болобу? Учурда бейтапканага барганга шартым болбой жатат.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.05.2020, 13:10
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Үй шартында “Бутуңду ысык сууга чылап кой” деген сыяктуу кеңештер бул дарылануу эмес. Убактылуу эле ыңгайсыздыкты жоготот, микробдор кайра эле калып калат. Ошон үчүн бейтапканага барып анализ берүү керек. Дарыгер жыйынтыгына жараша конкреттүү таблетка жазып берет. Жакшы болгондон кийин сөзсүз кайра анализ тапшырып, толук текшерүүдөн өтүү зарыл.
Бул жерден цистит тууралуу кошумча маалыматтар окусаңыз болот:
Цистит болсоң төрөбөй калышың мүмкүнбү?
Боюмда бар, цистит болуп аябай кыйналып жатам. Эмне кылсам болот?
0
Пайдалуу жооп