Боюмда бар, цистит болуп аябай кыйналып жатам. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы. Менин боюмда бар. 10 жума болуп калды. Цистит болуп аябай кыйналып жатам. Эмне кылсам болот?
Машхура Ишмухамедова
Гинеколог
Урматтуу айым, мындай көрүнүштөр тилекке каршы кош бойлуу кезде боло берет. Себеби сиздин иммунитет учурда алсыз. Андан тышкары жатындын көлөмү чоңоюп табарсыкты кысып турат. Өзүңүзгө кам көрүп, жылуу жүрүңүз, муздак жерге отурбаңыз, гигиенаны сактаңыз. Рациондон туздуу, ачуу азыктарды алып салыңыз. Көбүрөөк суюктук ичиңиз. Бул табарсыктагы инфекциянын заара менен чыгып кетишине көмөктөшөт. Азыркы тапта “Монурал” дарысын алып, эки жолу 3 сааттык аралыгы менен ичиңиз, жеңилдеп каласыз. Бирок, андан кийин сөзсүз гинекологго кайрылып, дарыланыңыз. Цистит бат айыга турган оорулардан эмес. Үйдөн өз алдынча дарыланууга болбойт! Жылуу баспаңыз. Бойдон түшүп калуу коркунучу бар.
Ден соолукта болунуз!