// //

Апам саткан жерди агам "меники" деп өткөрүп бербей жатат

2020.05.04, 10:49
1420

Саламатсызбы! Менин атамдын көзү өткөнүнө 20 жыл болуп калды. Атам уулдан жалгыз. Ошентсе да, чоң атабыз менен чоң энебиз башка турушчу. Бир көчөдөн кийин алардын үйү. Чоң атам көзү өткөндөн кийин чоң энеме менин бир тууган агамды кожолук кылып жаздырып койгон экен. Жер ошол боюнча бир тууган агамдын атында калды. Бирок, урап түшүп калган үй болгондуктан, эч ким жашачу эмес. Чоң энемди атам үйгө алып келип алды. Ошентип чоң энебиз, андан бир топ жыл кийин атам кайтыш болушту. Кийин, мындан 12-13 жыл мурда апам эч ким менен кеңешпей жерди бирөөгө сатат. Бирок, документтештире электе  апам акчасын аздан алып иштетип жүрүп 160 миң сомдой алып коет. Ал эми ошол үйгө кожолук кылып жаздырган агама "жерди өткөрүп бер, сатып жибердим "- деп айтса, "макул, паспортум жок, алсам өткөрүп берем",-деп коет.  3 жыл мурда апамын көзү өтүп кетти. Агам өзү Бишкекте жашайт, жеңем экөө тең жер сатып иштешет. Жашоосу абдан жакшы. Эми апам саткан жерди өткөрүп бер десек, "бул менин жерим" деп болбой жатат.  Ушул жер үчүн да бир туугандар бири-бири менен катташпай калды. Эми апамын арбагы ыраазы болсун деп ошол жерди алган кишиге өткөртө албай жатабыз. Кандай кылсак болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.05.2020, 10:52

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Бүгүнкү күндө жердин документтерин көрүү керек. Кожолук китебинде жазылганы, ошол адамдын атында дегендик эмес. Мүлк кимдин атына жазылганын, апаңыздын саткандыгы боюнча тил каты барбы, ушуларды тактоо керек. Эгер үй апаңыздын атында болуп туруп, саткан болсо, анда сатып алган адам сатып алуу келишиминин фактысын аныктоо боюнча сотко кайрылышы керек. Силер, “чынында апабыз саткан” деп күбө катары өтсөңөр болот. Ошентип сатып алуучу өзүнө өткөрүп алса болот. Бирок, азыр биринчи кезекте үй кимдин атында тактоо керек.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт