Мастурбация көп кылса жыныс мүчө өспөй калабы? Уролог жооп берет
Сексолог Илья Комаровер жана дерматовенеролог, уролог Олег Щербинский түз эфирибизде конокто болуп, окурмандар суроолоруна жооп берди. Видеоматериалды толугу менен төмөндөн көрүңүз.
Мастурбация көп кылам. Кийин жыныс мүчөм өспөй калабы?
Жыныс мүчөнүн өлчөмү укумдан-тукумга берилет. Атаң же чоң атаңдыкы кандай болсо, ошондой болот. Мастурбациядан эч нерсе өзгөрбөйт.
23 жаштамын. Бел суум бат түшөт.
Жыныстык катнаштын убактысын узартса болот. Психологиялык жаткан машыгуу керек. Адиске кайрылыңыз.
18 жаштамын. Жумурткаларым дайым муздак болуп турат. Жылуу эле кийинем.
Мүчөнүн муздак же жылуу болушу кан менен камсыздалышынан көз каранды. Эгерде ар дайым муздак болуп турса, ыңгайсыздык жаратса текшерүүдөн өтүү керек.
Комаровер Илья Нухимович, психотерапевт, психиатр, сексопатолог
Щербинский Олег Васильевич, уролог, дерматовенеролог
Кабылдама: +996 (312) 565 008
Дареги: Бишкек шаары, КММА медициналык борбору, Тыныстанов көчөсү, 1.