// //

Курулуштагы иштеген адамдар ошол жерден жума намаз окуса болобу?

2020.04.25, 16:04
1654

Саламатсызбы! Мен азыркы күндө Россияда курулуш тармагында иштеп жүрөм. Бул жакта кыргыз, өзбек, тажик сыяктуу жүздөн ашуун мусулмандар иштейбиз.  Жума күнү дагы жумуш болот. Жума намазга барганга алысыраак. Сурайын дегеним, ошол жерде иштеп жаткан мусулмандар  өздөрү бир жамаат болуп чогулуп, бир имамды шайлап, ошол жерден эле жума окусак боло береби же мамлекет тарабынан бөлүнгөн мечиттерде эле окуганыбыз туурабы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.04.2020, 16:07

Кадыр Маликов

Теолог

Ханафи мазхабы боюнча бир нече адамдан, айталы үчтөн өйдө кишиден башталат. Ал эми силер жалпысынан жүз экенсиңер. Андыктан, имамды тандап алууга жана ошол жерден жума намаз окууга уруксат берилет.

Жакшысы жума намазды мечитте окуш керек. Жума намаз ошон үчүн, мусулмандар чоң мечитерде чогулуп окуй турган “жааматтык намаз” деп айтылат. Бирок,  сидерде аралык узак, убагында барып келүү көйгөйү жана жумушту жоготуп алуу коркунучу бар болгондуктан, булардын баары жеңилдетүү эрежесине кирет. Тактап айтканда, мусулмандар белгилүү бир кыйынчылыктарга туш болсо, исламда башка бир жеңилдетүү эрежеси бар. Ошондуктан өз араңардан имам тандап, намаз окула турган жерди таап, жума намазды окуй бергиле.   

Менде дагы ушул сыяктуу практика болгон. Аскердик кызмат өтөп жүргөндө, жигиттер аскер бөлүгүн таштап кете албагандыктан, жетекчилик менен сүйлөшүп, ошол жерден намаз окууга расмий түрдө уруксат алып, арабыздан имам тандап, жума намазды окуп баштаганбыз. Албетте, башында айтып өткөндөй жума намаздын атайын талаптары бар. Бирок, мечитке барууга транспорт табылгыча же абал өзгөргөнгө чейин, ошондой шартта окуп турсаңар болот. Бирок, келечекте мүмкүнчүлүк болушунча мечиттен окугула.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт