Атамдын бир туугандары үйүбүздү талашып жатышат
Саламатсызбы! Атамдын каза болгонуна он жыл болду. Үч бир тууганбыз. Баарбыз бойго жетип калганбыз, апабыз бар. Учурда атамдын үйүн бир туугандары талашып жатат. Ал үйдү жаңы алганда чоң энемдин наамында экен, бирок атамдын көзү тирүүсүндө эле атама өтүптүр. Чоң апам атамдын колунда болчу, ал атама "сенин үйүң" деп айтчу. Эми атамдын көзү өткөндөн кийин үйдү бир туугандары чоң апама өткөзүп коюбузду айтып, талашып жатышат. Азыр үй атамдын наамында турат. Мыйзам боюнча үй кимде калышы керек. Балдары жана аялы турса талашкан туурабы?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Мыйзам боюнча үй мурасты кабыл алган инсанда калат. Ортодон он жыл өтүптүр, өз учурунда мурасты кабыл алган эмес экенсиңер. Бүгүнкү күндө мурасты кабыл алуу боюнча жашаган аймагыңардагы мамлекеттик нотариалдык кеңсеге кайрылгыла. Алар топтоо керек болгон тиешелүү документтердин тизмесин айтат. Ошондой эле, “биз өз учурунда кабыл албасак дагы, ошол үйдө туруктуу жашаганбыз, факт жүзүндө кабыл алганбыз” деп айтышыңар керек болот. Андан кийин документтериңер толук болсо, нотариус кызматкерлери үйдү мурас кабыл алуучуга каттайт.
Мурас кабыл алуучулардын биринчи жана экинчи кезектеги дегендей тизмеси бар. Маркумдун аялы жана балдары биринчи кезектеги мураскорлор болуп эсептелинет. Демек, силер мүлктү түздөн-түз өзүңөргө же араңардан бирөөгө каттатып койсоңор болот.
Эгер нотариладык баш тартса, алар алты айлык мөөнөттү мурас кабыл алуучу өткөрүп жибергендиги боюнча токтом чыгарып берет. Бул токтомду алаар замат, он күндүн ичинде мурас кабыл алуу мөөнөтүн калыбына келтирүү боюнча сотко кайрылуу керек. Сот карап чыгып, калыбына келтирип берет. Ошол соттун чечиминин негизинде мурасты кабыл алсаңар болот.