Инимдин аскердеги кызмат өтөөсү бүтсө деле үйлөрүнө жөнөтүлө элек. Эмнеге?
Саламатсызбы. Иним 2019-жылдын 25-мартында аскерге, Улуттук Гвардияга кызмат өтөөгө кеткен. Быйыл 2020-жылдын март айында кызматы бүтмөк. Эмне үчүн кызмат өтөөсү бүтсө деле аларды үйлөрүнө жөнөтпөй жатышат?
Гүлзат Жарашева
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын, пресс-кызматынын жетекчиси, полковник
Саламатчылык. Өлкөбүздө өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу аскерге чакыруу убактылуу (белгисиз мөөнөткө) токтотулган. Андыктан, аскерге жаңы толуктоо бармайынча мурунку чакырыктагылар кызмат өтөө мөөнөтү бүтсө дагы үйлөрүнө жөнөтүлбөйт.
Бул иш-аракеттердин бардыгы мыйзам чегинде аткарылууда.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Аскерде кызмат өтөө тууралуу дагы маалыматты бул жерден окусаңыз болот:
Азыркы учурда аскерге алып кетеби же жылдырылабы? Полковник жооп берет