14 жаштагы кызыман "выделение" келип жатат, коркунучу жокпу?
2020.04.20, 13:05
2820
Саламатсызбы! 14 жаштагы кызыман "выделение" келип жатат. Эмне себептен болушу мүмкүн? Бул коркунучтуубу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.04.2020, 13:06
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Негизинен кыз баланы төрөлгөнүнөн баштап гинекологго көрсөтүп туруу зарыл. Себеби, бүгүнкү күндө эки-үч жаштагы кыздардан сезгенүү чыгып жатат. 14төгү кыздын этек ири келип баштаган убагы болушу керек. Бул курактагы кыздарда да чоң айымдардыкындай сезгенүү болушу мүмкүн. Ошон үчүн тезинен гинекологго алып барыңыз. Алар текшерип көрүп, анализ алышат. Коркуп кабатыр болбоңуз, гинекологдор кыз кишиден кантип анализ алуу керектигин жакшы билет. Анализдин жыйынтыгына жараша дарылануу курсун жазып берет.
0
Пайдалуу жооп