// //

Кредит төлөө мөөнөтүн жылдыруу тууралуу адис айтып берет

2020.04.20, 12:42
1882

"Айыл Банк” АККнын кредит тескөө бөлүмүнүн башкы адиси Тойгонбаев Арстанбек Жумабекович түз эфирде конокто болуп, кредит төлөй албай калганда эмне кылуу керектигин айтып, окурмандар суроосуна жооп берди.

Арыздарды WhatsApp аркылуу кабыл алып жатабыз

Учурдагы кырдаалга байланыштуу карыз алган жарандарыбызга колубуздан келишинче жардам көрсөтүп жатабыз. Кредит төлөөдө кандайдыр бир тоскоолдуктарга кабылса, анын себебин тактап, WhatsApp аркылуу арыздарын кабыл алып, видео жана аудио менен сүйлөшүп, төлөө графигин жылдырып беребиз.

Банк дароо күрөөдөгү мүлктү алууга же үстүнө пайыз кошууга шашылбайт.

Ар бир карыз алуучу менен индивидуалдуу иштешебиз. Мисалы, бирөөсү пайызын төлөп турайын дейт, экинчиси негизги сумманы жылдырып беришибизди суранат, айрымдары мөөнөтүн алты айга узартууну каалашат ж.б.

Кредитин төлөөдө кыйынчылыктарга туш болгон карыз алуучулар алгач биз менен байланышат. Биз төлөмдөрүн карап чыгып, кардарга эмне кылуу керек экенин түшүндүрүп беребиз. Анан ал өз атынан арыз жазып, WhatsApp аркылуу жөнөтөт. Келип түшкөн арызды эки-үч күндүн иичинде карап чыгып, төлөө мөөнөтүн талабына жараша коюп беребиз.

Эң негизгиси карыз алуучулар биз менен ачык болуп кызматташууга барса, колубуздан келген жардамыбызды көрсөтөбүз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт