// //

Карантинде жол жабылып кайын энем үйгө келалбай калганына сүйүндүк

2020.04.16, 16:34
8668

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Үйдө ар дайым кысынып жүрөсүң"

Шаарга кызынын үйүнө кеткен. Үч күндөн кийин өзгөчө абал режими киргизилип жол жабылып калды. “Ай, мен баралбай калдым окшойт”,-деп, телефон чалганда, күйөөм экөөбүз бири-бирибизди жымыңдап, күлүп карадык.

Кайын энемди жамандагым келбейт, бирок, жашырганда эмне, туурабы? Өтө майдачыл киши. Жумуш кылып жатсаң, ары өтүп, бери өтүп комментарий айтып,"андай кыл, мындай кылба" дей берет, же бүткүчө карап турат. Эч нерсе жактырбайт, сүйлөнүп эле басып жүрөт. Кичине эс алып отуруп калсаң эле, башка жумуш таап берет. Үйдө ар дайым кысынып жүрөсүң.

Келгенден бери кайын энемдин маңдайы жарыла кубанганын көргөн жокмун, болбогон нерселерге кейий берет.

Отпускага чыккандай кадимкидей эс ала түштүк. Түнү менен кино көрөбүз. Эртең менен каалаган убакта турабыз. Шашпай жумуштарды бүтүрүп, жайбаракат отуруп чай ичебиз. Тамак жасагыбыз келбесе, дүкөнгө түшүп колбаса алып келип жеп алабыз. Кулак-мээбиз тынч. Мени жаман көрүп табалашыңар мүмкүн. Бирок, кайын энем мени бери кой, өз баласына күн көрсөтпөйт.  

Азыр күн сайын чалып отчет алып турат.

Карыган кишинин көңүлүн оорутпайлы деп, туура эмес кылып жатса да унчукпайбыз. Аша чаап баратканда, күйөөм чыдай албай, “апа, койбосузбу” десе, күчөп урушат. Эч кимдин оюн уккусу келбейт.

Эгер апабыз жакшы адам болсо, сыйыбызды түшүнүп, бизге мээрим төксө, каргабай, жакшы сөздөрдү айтса, качан келет деп чыдамсыздык менен күтүп отурмакпыз. Аттиң, бирок ал андай эмес. Канча ирет көңүлүн алганга аракет кылдык. Бир эле мисал келтирейин: туулган күнүндө өзү айтып жүргөн алтын шакек менен сөйкөнү алып берсек, “жаккан жок” деп түртүп койгон. Эртеси базарга алып барып сатып жибериптир. Аябай жаман болгонбуз.

Кечээ күйөөм экөөбүз отуруп алып, апабызды да, өзбүздү да кыйнабай карантин бүткөндөн кийин бөлүнүүнү чечтик.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Өч алгым келип жүргөн эски сүйгөнүмө арак көтөрүп келатып жолугуп калдым

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт