// //

Жыныс мүчөнү өстүрүүчү каражаттар: кандайдыр бир пайдасы барбы

2018.11.22, 13:23
4401

Кай жерди караба “Жыныс мүчөнү операциясыз өстүрөбүз” деген жарнамалар толуп кетти. Аларга ишенип алган эркектер көп акчасын коротуп, ден-соолугунан ажырап жатышат.

Жыныс мүчөм 14 см, 18 см кылгым келет. Интернеттен  титан гелдин жарнамасын көрдүм. Жардам береби?

Азат, 17 жаш

Жыныс мүчөмдү чоңойткум келет. Операция эмес, дары-дармектин жардамы менен. Интернеттен көптөгөн кремдерди көрдүм. Мактап жатышат. Колдонсом болобу?

Бекболсун, 23 жаш

Досторум жыныс мүчөнүн өлчөмү кыздар үчүн маанилүү дейт. Кичинекей болсо кумар албай калышат экен. Меники 12 см. Интернеттен бир крем көрдүм. Ошону колдоноюн деп жатам. Зыяны жокпу?

Мирбек, 19 жаш

Урматтуу мырзалар, жыныс мүчөнү чоңойтуу керекпи же жокпу абстрактуу суроо. Чынын айтканда кажети деле жок.

Айрым эркектер кинолорду көрүп же досторунун акылга сыйбаган аңгемелерин угуп алып жыныс мүчөнүн өлчөмү мынча болуш керек экен деп ойлошот.

Биринчиден, жыныс мүчө негизги талаптарга жооп бериши керек:

  • Жыныстык катнашка барууга
  • Аялга да, эркекке да кумар берүүгө
  • Балалуу болууга.

Аталган функцияларды аткара алса болду, калгандары фантазия жана шоктук.

Кремдерге токтоло кетсем. Ар дайым эсиңерде болсун, жарнама – бул бизнес. 100 пайыз ишенүү болбойт. Өндүрүүчү өз товарын сатыш үчүн болгон күч-аракетин жумшайт. Мен жеке практикамда жыйынтык берген бирөөсүн да көргөн жокмун.

Эч бир каражат дене мүчөнү анатомиялык жактан өстүрө албайт (пластикалык операция жолуна кайрылбаса гана). Колуңуздун, бутуңуздун же мурдуңуздун узундугу кандай болсо, өмүр бою ошол бойдон калат. Бул жыныстык мүчөгө да тиешелүү.  

Ар кандай жарнамаларга ишенбегиле. Дарыгердин көрсөтмөсү жок дары-дармек колдонбонула!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт