Үч баламдын жөлөкпулу токтоп калды. Кантип улантсам болот?
Саламатсызбы! Мен үч балама жөлөкпул алчумун. Азыр токтоп калды. Мурда алгандар кайра улантып алса болот деп айткандарын уктум эле. Кантип улантсам болот? Күйөөм экөөбүз тең иштебейбиз. Үйдөн онлайн түрүндө документ тапшырса улантылабы?
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн кызматкери
Саламатызбы! Өзгөчө абал учурунда социалдык төлөмдөр боюнча документтеринин мөөнөтү бүткөн жарандарыбыздан эч кандай документ талап кылбай, абал жөнгө салынганга чейин төлөй берүү иш-аракеттери көрүлүп жатат.
Демек, буга чейин жөлөкпул, үй-бүлөгө көмөк, жеке ассистент, майыптыгы боюнча пенсия, бала асыроочулардын айлыгы менен асыранды баланын кем-каржы, акчалай компенсациялар, жумушсуздук боюнча жөлөкпул, айтор ар кандай социалдык төлөмдөр болсо, баары үзгүлтүксүз төлөнөт. Учурдагы кырдаал жөнгө салынгандан кийин гана талап кылынган документтер кабыл алынат.
Жакынкы күндөрү КРнын Өкмөтүнүн буйругу кабыл алынгандан кийин расмий түрдө маалымат беребиз.
Сиз кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.