// //

Тестостерон көбөйүп кетип толуп кеттим. Нормага келеби? Гинеколог жооп берет

2020.04.13, 10:23
1408

Саламатсызбы. Мага гинеколог же эндокринологдун жардамы керек. Жашым 20да, аябай толуп кетип, этек кирим 4 айдан бери келбегенинен гормоналдык анализ тапшырганмын. Анализдин жыйынтыгы тестостерон көп деп көрсөттү. Нормага келеби? Коркунучтуу эмеспи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.04.2020, 10:28

Свтелана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Ооба, убагында анализ тапшырып, себебин аныктаса, салмакты жана ден соолукту кайра калыбына келтирсе болот.

Медицина тилинде сизди абал гиперандрогения деп аталат, б.а. канда эркектик гормондордун ашыкча болушу. Мындай диагнозду коюу үчүн тестостеронду эле аныктоо жетишсиз, кандагы башка гормондорду да текшерүү зарыл.

Тестостерондун көбөйүп кетишине жумуртка бездеринин же бөйрөк үстүндөгү бездеринин (надпочечник) иштөөсүнүн бузулушу себеп болушу мүмкүн. Ошондой эле метаболикалык синдром да болот. Анда метаболикалык процесстер бузулуп, гормондордун өзгөрүүсүнө алып келет.

Андан тышкары бейтаптын анемнезин чогултуу зарыл. Жакын ургаачы туугандардын арасында ушундай көрүнүш болду беле? Буга чейин кандай ооруларга туш болгон? Күнүмдүк жашоосунда кандай өзгөрүүлөр орун алган?

Бул илдет гинеколог-эндокринолог жазып берген гормоналдык дарылардын негизинде дарыланат. Андан тышкары толугу менен жашоо образды өзгөртүп, тамактануу рационун кайра карап чыгып, физикалык көнүгүүлөрдү кошуу зарыл.

Ден соолукта болуңуз!

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт