Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айырмачылыгыбыз кийин көйгөй жаратпайбы?
Саламатсызбы. Мен кеңешиңерге муктажмын. Жашым 20да, өзүмөн 11 жаш улуу байке менен сүйлөшөм. Байке мага аябай жагат, ага турмушка чыгууга макулмун, бирок ата-энеме айта албайм. Себеби, жашы өтө улуу экен деп, каршы болушат.
Эгер аны менен баш кошсом, кийинки жашоом кандай болот? Экөөбүздүн жаш айырмачылыгыбыз, көйгөй жаратпайбы?
Мария Самсонова
Психолог
Саламатчылык. Келечекте жашооңуздун кандай боло турганы сизден гана көз каранды.
Эмнегедир адамдар мамилени өзүнөн бөлүп карашат. Мамиле өз алдынча пайда болуп, жеке жашоосу менен жашабайт да туурабы? Мамилени адам өнөктөшү менен биргеликте курат. Эгер ортоңордо сүйүү, түшүнүү, сый-урмат бар болсо, жаш курак, социалдык абал, сырткы келбет буга эч кандай таасирин тийгизе албайт.
Жигитиңиздин улуулугу сизди ойлондуруп жатса, демек,азырынча шашылуунун кереги жок. Турмушка чыгуу бул жашоодогу эң олуттуу чечимдердин бири. Аны жакшылап таразалап, жүрөгүңду тыншап кабыл алуу зарыл.
Бактылуу болуңуз!
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.