// //

"Жериңер бар" деп балдарыма жөлөкпул чектебей жатышат

2020.04.08, 11:07
799

Саламатсызбы! Мен Ысык-Көл районунда жашайм. Үч балама жөлөкпул алалбай келем. "Жериңер бар" деп жатышат. Үйүбүз кайын энемдин атында. Учурда жерди иштеткенге суу чыкпайт, эч кандай түшүм жок куурап бүткөн. Балдарыбыз кичинекей, жолдошум экөөбүз тең иштебейбиз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.04.2020, 11:09

Айкөл Турганбаева

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн кызматкери

Саламатсызбы! “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу үй-бүлөнүн кирешесин эске алуу менен чектелет. Кирешелерге: айлык акы, стипендия, ишкердик кылуудан түшкөн киреше, жер жана үйгө караштуу участокторду иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн кирешелер жана башкалар кирет.

Эгер силерде жер бар болсо, жердин өлчөмү менен сапатын көрсөтүү менен, жер үлүшүнүн жана үйгө карштуу жер участогунун болушу тууралуу айыл өкмөтүнөн маалымкат талап кылынат.

Жер үлүштөрүнүн түшүмдүүлүгү жана сапаты боюнча атайын нормативдер каралып, ар бир региондо ар кандай өлчөмдө белгиленген. Сиз Ысык-Көл районунун кайсы айыл аймагынан экениңизди толук жазсаңыз, жер үлүшүңүз тууралуу кененирээк маалымат бермекпиз.

 “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун чектөөдө чогуу жашаган карылардын пенсиясы киреше катары эсептелбейт.

Сиз кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.

Жөлөкпул чектөөдө негизсиз баш тарткан болсо, Ысык-Көл районундагы социалдык маселелер боюнча комиссияга кайрылсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт