Бөйрөгүмдө белок көп болуп, 6 айлык боюман алдырттым. Дагы төрөй аламынбы?
Мен 22 жаштамын, алты айлык боюмда бар болчу. Бөйрөгүмдө белок көп болуп, “давлением” көтөрүлүп, түшпөй койгонуна байланыштуу алты айлык төрөтүп алышты. Андан тышкары бартолинит да бар экен.
Эми кандай дарыланышым керек? Киста менен төрөй аламынбы?
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Урматту айым, сиздин көйгөйүңүз бартолинитте эмес. Ден соолугуңуздун абалы сиз ойлогондон да олуттураак. Түшүнгөнүмө караганда, кош бойлуулукту преэлампсия болгон үчүн токтотууга туура келди.
Мындайда урологго, эндокринологго, кардиологго жана гинекологдорго кайрылып, толугу менен текшерүүдөн өтүп, ар дайым алардын көзөмөлүндө болуп туруу зарыл. Анализдердин жыйынтыгынын негизинде гана төрөй аласызбы же жокпу, белгилүү болот.
Ал эми бартолинитти кезектеги сезгенүү башталганда хирургиялык жол аркылуу алып салса болот жана ал кош бойлуулука каршы көрсөтмо болуп саналбайт.
Бартолинит – бул аялдын сырткы жыныс органдарынын оорусу, анда ткандар кызарып, кичинекей без пайда болушу мүмкүн. Аял ооруну өз алдынча аныктай албайт, жана анын эч кандай белгилери болбойт. Көбүн эсе гинекологиялык текшерүүдөн кийин доктур диагноз коет. Мындай кисталар бактерия камтыбайт, көлөмү чоңойбойт, жана репродукивдүү функцияга эч кандай таасирин тийгизбейт.
Ден соолукта болуңуз!