// //

Фейсбук "бүгүн аялыңдын туулган күнү" деп эскертип, үй-бүлөмдү сактап калды

2020.04.05, 14:31
2812

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

Эртең менен ойгонсом аялым демейдегиден башкача. Кыңылдап ырдап өзүнчө жыргап жүрөт. Басса да жөн баспай бийлеп коет. Бети-колумду жууп, дасторконго отурдум. Буга эмне болгон? Көздөрү жайнап башкача. Берген чайын ичтим да, “омийин” деп жумушка жөнөп кеттим.

Мындан бир жума мурун эле “романтик эмессиң” деп таарынып жаткан. Келинчегим “точно” соо эмес, бул бир нерсе кылды же кылат.

Кабинетиме кирип компьютеримди күйгүздүм. Ишке киришерден мурун фейсбукту бир карап чыкмай адатым бар. Логин, паролумду жазып кирер замат, “Самара бүгүн тууган күнүн белгилеп жатат” деген билдирүү келди. Туй ата, такыр эсимден чыгып кетиптир. Бүгүн келинчегимдин туулган күнү эмес беле.

Ушундайда кычашып өйдөдөн текшерүү келмек. Столдун үстүндө толтура документтер жатат. Түштөнүүгө чыкпай кечке иштедим. Башымды көтөрсөм саат тогуздан өтүп кетиптир. Кабинетимди бекитип сыртка шашып чыктым. Гүл саткан дүкөндөрдүн баары жабылып калыптыр. Эмне кылсам экен деп айлам кетип турганда, кошунамдын роза гүлдөрү эсиме түштү. Торт алып үйгө жөнөдүм.

Кошунамдын короосунда ар түркүн гүлдөр өсөт. Өзгөчө дарбазасынын сыртындагы розалары укмуш. Акырын тосмодон аттап, “кудай кечире көр”,-деп, үзө баштадым. Бүгүн суугарган окшойт, буту-башым бүт ылай болду. 

Аялым мени күтө берип уктап калыптыр. Ойготуп, жарымы күбүлүп калган, тикенеги тазаланбаган роза гүлдү берип, бетинен өөп туулган күнү менен куттуктадым, кечирим сурадым.

- Сени унутуп калды го дегем.

- Кантип сенин туулган күнүңдү унутайын?! 

- Жыгылдыңбы, кийимиң эмне ылай?

- Сага шашып келатып мүдүрүлүп кеттим.

- Иии, жаным десе, жүр торт менен чай ичели.

Фейсбукка чоң рахмат! Үй-бүлөмдү чоң уруштан сактап калды. 

Эртеси жумушка баратсам кошунам гүлдөрүн карап алып кейип-кепчип жатыптыр. Сыр билгизбей эмне болгонун сурадым.

“Кечинде иттери киргенби, же бирөө тебелегенби билбейм, тосмону бийик кылат окшойм.”

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. Каармандардын аты өзгөртүлдү. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам жокто апамды сүйгөн байке келип балык таштап кетчү

Күйөөм келиниме тийишип, көзүмө чөп салса деле катуу сүйөм

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт