Эркектердин бир жаман жерин байкап калсам эле өзүмдөн алыстата баштайм
Мен 24 жаштамы Ата-энем турмушка чык, деп канча жылдан бери айтып келет. Эмнегедир чыккым келбейт. Эркектер менен сүйлөшө баштаганда бир жаман жерин байкап калсам эле өзүмдөн алыстата баштайм. Үч жыл мурда бир бала менен кыз-жигит болуп жүрдүк, бирок ал азыр үй-бүлөлүү. Андан кийин эч ким менен мамиле кура албадым. Эмне үчүн экенин өзүм да түшүнбөйм. Эч кимге ишенбей калдым. Олутту себептери деле жок. Болгону адамдардын жакшы жактарын эмес жаман сапаттарын гана көрүп туруп алдым.
Мисалы көп сүйлөйт, ашыкча каткырат ж.б.
Эмне кылышым керек?
Асель Баимбетова
Психолог
Сиз үчүн үч жыл мурун болгон мамиле абдан маанилүү болчу окшойт. Ал мамиле жан дүйнөңүздү катуу жаралаган. Мамиле факт жүзүндө токтогон, а сиз дагы деле ошол окуяларды кое бере элексиз. Улам эстеп, улам таарынычыңыз көбөйүп барат. Ситуацияны аягына чейин жиликтеп, баштан кечирүүгө өзүңүзгө уруксат бербей койгонсуз. Ошондуктан жаңы мамиле баштай албай жатасыз. Сиз али даяр эмессиз.
Адискөй психологго көрүнүп, бир нече консультацияга барып көрүңүз. Ал сизге эски мамилени кое бергенге жардам берет. Кыйла жеңилдеп каласыз.
Бактылуу болуңуз!
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.