Коркунуч жаш куракка, жынысына карабайт

2018.02.09, 16:57
1579

“Фобия” грек тилинен которгондо “коркуу” дегенди түшүндүрөт. Фобия - элестетилген же реалдуу коркунучтан жана кандайдыр бир нерседен же абалдан катуу коркуу. Коркуу психологияда терс эмоция болуп саналат. Ар адамдын фобиясы ар түрдүү болот жана бирөөгө фобия болуп саналган нерсе башка бир адам үчүн фобия болбой калышы толук мүмкүн. Психология боюнча доцент Бермет Наралиева таанышууну, пикир алышууну өзүнө фобия кылып алгандар үчүн кеңешин берди.

  • Эмне себептен экенин билбейм, эмнегедир акыркы жылдары баарынан коркуп баштадым. Тааныган, тааныбаган адамдардан деле корко берем.

Коркуп, тынчсызданган сезим ал баардык адамдарда эле кездешет. Себеби адамдын бат-бат стресске кабылуусу, такай чарчаган абалда болуусу, түпөйүл жан дүйнөсүндө эч ким менен бөлүшпөгөн тынчсыздануусу, бир тынчтык бербеген ооруусу же ал ооруунун күчөшү болуп эсептелинет. Мындай учурда адам өзү да эмне болуп жатканын түшүнбөй калышы ыктымал. Бул өзгөчөлүк патология эмес, мындай терс таасирлерге кабылуу ар бир адамдын турмушунда көп кездешет. Негизи стрессте жүргөн абалды ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө, акылына, деңгээлине жараша чечет. Ошентсе да сиз өзүңүзгө ушул суроону берип көрүңүз:

1. Мен эмнеге коркуп жатам?

2. Мени коркута турган себеп барбы?

3. Мен дайыма ушинтип коркуп жүрүүдөн жакшы эмнени табам, жаман эмне зыяндарды өзүмө алып келем?

Мына ушул суроолордун үстүндө ойлонуп көрүңүз дагы жооп издеңиз.

  • Адамдын көзүнө карай албай, уялгансып, ичиме бир сыр каткан адамдай жүрөм. Бул абалымды өзүм да түшүнбөйм.

Адамдардын көзүн карай албай уялуу, жашырып сыр каткандай жүрүү бул сиздин табиятыңыздан тартынчаак же уялчаак экендигиңизде. Ал үй-бүлөдөн ата-энеден берилген кичинеңизден берки тарбия менен байланыштуу. Мезгилдин өтүшү менен көбүнчөсүндө бул нерселер жолго салынат.

  •   Адамдар менен мамиле түзүүдөн, пикир алышуудан тартынам. Себеби эмнеде?

Пикир алышуудагы тоскоолдук өзүнө болгон ишенбөөчүлүктөн, “мен” деген образдын төмөн бааланышынан, өзүн башкалардан кемсинтип төмөн баалоонун негизинде келип чыгат. Баланы ата-эне кичинесинен сүйлөп баштаса ур-токмоко алып, сүйлөбөй олтур, сен али жашсың же “баладай болбойсуңбу” деп баланын өзүнө болгон ишенимин төмөнгө чаап, эркин жок кылып, балага башкалардан бир жерим кем деген сезимдин үрөөнүн сээп койгон болсо ал өсүп, өзүнүн түшүмүн берет.

Аны психолог бир жолку жолугушууда эле оңдоп коё албайт. Ал үчүн бир нече сеанс өткөрүү керек. Андыктан бул абалдан чыгууну кааласаң сөзсүз жардамга кайрыл.

Ата-энелерге айтаарым баланы мынчалык абалга жеткирбей бир күндө 9-12 жолу бооруна бекем кучактап, жакшы сөздөрдү арнаса жогорудагыдай маселе болбойт.

Маалымат катары:

Жалпысынан алганда, фобия түрлөрү төмөндөгүдөй категорияларга бөлүнөт:

  • Жаныбарлар фобиясы - Буга жаныбарлардын бардык түрлөрү жана курт-кумурскалар кирет.
  • Жаратылыш кубулуштарына байланыштуу фобия - Катуу шамалдан, чагылгандын түшүшүнөн жана башка.
  • Оорукана фобиясы - доктурга көрүнүүдөн, дары ичүудөн, укол алуудан.
  • Коомдук жайларга байланыштуу фобия - Бул фобия түрү көпүрө, тоннель, жабык мекеме, лифт сыяктуу коомдук жайларды өзүнө камтыйт.
  • Транспорт фобиясыАр кандай транспортто айдоодон же катуу ылдамтыкта жүрүүдөн.
  • Арахнофобия – жөр­гө­­­мүштөн коркуу. Аялдардын элүү пайызы, эркектердин он пайызы жөргөмүштөрдөн өтө коркушат.
  • Коомдук фобия – коомго жана көпчүлүк элге жек көрүндү болуп калуудан коркуу. Буга көбүнчө ата-энеси ажы­­рашкан же ата-эне мээримин көр­бөй калган балдар кирет.
  • Аэрофобия – самолётко түшүү­дөн же учуудан коркуу.
  • Агорафобия – ачык жерлерден жа­­на жагымсыз кырдаал болуп кетиши мүмкүн болгон жерлерден коркуу.
  • Акрофобия - бийиктиктен коркуу.
  • Ботанофобия – өсүмдүктөрдөн коркуу.
  • Никтофобия – караңгылыктан коркуу.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт