Баланын башы канча айынан токтошу керек? Педиатр жооп берет
2020.04.03, 11:31
6327
Саламатсызбы. Баланын башы канча айынан токтошу керек? Кызым 5 айдан өтүп калды, башын бир капталга кыйшыйтып, өйдө көтөрбөй жатат. Эмне кылыш керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.04.2020, 11:32
Диляра Искакова
Педиатр
Саламатчылык. Нормага ылайык баланын башы 2-4 айында токтоп калышы керек.
Бала башын өтө эрте кармай баштаганы да туура эмес, моюн булчуңдарында гипертонус болушу мүмкүн. Ошондой эле мойнун кеч токтоткону да нормага ылайык келбейт. Мындайды гипотонус деп айтабыз.
Эгер беш айына чейин башын кармай элек болсо, демек жетилүүсүндө кандайдыр бир кемтик бар. Тез арада педиатрга, андан кийин невропатологго консультацияга алып баруу керек.
Кызыңыз ден соолукта болсун.
0
Пайдалуу жооп