// //

Кайсы мөөнөткө чейин дары менен бойдон түшүрүүгө болот? Гинеколог айтып берет

2020.04.01, 12:06
55478

Акушер-гинеколог Гүлзина Мадраимова  Bilesinbi.kg’де конокто болуп, дары менен бойдон алдыруу процедурасы тууралуу айтып берди. 

Дары менен бойдон алдыруу - кош бойлуулукту токтотуу үчүн дары-дармектерди колдонуучу процедура. Бул жол менен бойдон алдыруу операцияны же наркозду талап кылбайт. Кош бойлуулукту дары менен токтотуу 12 жумага чейин коопсузураак жана натыйжалуу болот.

Эгерде аял кош бойлуулукту бул процедура менен токтотууну пландап жатса, анда анын терс таасирлерине, мүмкүн болуучу тобокелдиктерине даяр болушу керек. Мисалы:

  • Толук эмес аборт, андан кийин хирургиялык бойдон алдыруу талап кылынышы мүмкүн;
  • Узакка созулган кан агуу;
  • Инфекциялык оорулар;
  • Сезгенүү;
  • Тамак сиңирүү системасындагы ыңгайсыздык ж.б.

Кош бойлуулукту дары менен бойдон түшүрүүнү баштоодон мурун, өзүнүн чечимине так ишениши керек. Мисалы, дары-дармектерди ичкенден кийин, кайра кош бойлуулукту улантууну чечсе, кош бойлуулук олуттуу татаалдашууга дуушар болушу мүмкүн.

Дары менен бойдон түшүрүү дарыгердин көзөмөлү менен жүргүзүлсө жана татаалдашуу болбосо келечектеги кош бойлуулукка таасир этпейт.

Дары менен бойдон түшүрүүгө болбойт, эгерде:

  • мөөнөтү 12 жумадан ашканда;
  • жатындан сырткары бойго бүткөндө;
  • кан кетүү, жүрөктүн же кан тамырлардын, боордун, бөйрөктүн же өпкөнүн катуу оорулары менен жабыркаганда;
  • сезгенүү бар болгондо;
  • бойдон түшүрүүчү дары-дармекке аллергиясы болсо;
  • дарыгерге барууга мүмкүнчүлүк жок болгон учурда ж.б.

Эгер айым дары менен боюнан түшүрүүнү чечсе, анда дарыгери менен процедураны жакшылап макулдашып алуусу керек. Дарыгер:

  • медициналык тарыхын карап жана жалпы ден-соолук абалын текшерет;
  • кош бойлуулуктун күнүн аныктоо үчүн УЗИ жасап, анын жатындын сыртында эмес экендигин жана жатында пайда болгон шишик эмес экендигин аныктайт;
  • анализ алат;
  • процедуранын кандайча жүрө турганын, терс таасирлери жана мүмкүн болгон тобокелдиктерди түшүндүрөт.

Дары менен бойдон түшүрүү операцияны же наркозду талап кылбайт. Процедура медициналык кабинетте же клиникада жасалат. Эч кандай татаалдашуу болбошу үчүн дарыгер менен тыгыз байланышта болуу керек.

Дарыгер кош бойлуулуктун мөөнөтүнө жараша канчалык кан кетүү керектигин айтып берет.

Дары менен бойдон түшүргөндөн кийин төмөнкү белгилер байкалса, дароо бейтапканага баруу керек:

  • катуу кансыроо;
  • ичтин же белдин катуу оорушу;
  • жагымсыз жыттанган суюктуктун келиши ж.б.

Дары менен бойдон түшүргөндөн кийин, калыбына келгенин текшерип, жатындын көлөмүн, кан кетүүнү жана инфекциянын кандайдыр бир белгилерин аныктоо үчүн сөзсүз дарыгерден текшерүүдөн өтүшүү керек.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
04.09.2022, 14:24

Саламатсызбы 

Даары менен бойдон тұшұрсөм билинип калабы кийин ? 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт