Мен эркек баламын, бирок эркектерге кызыгам.Бул нерседен кантип арылам?
Мен 16 жатамын, эркек баламын, бирок эркектерге кызыгам. Гей-порно көрөм. Өзүмө мындай болгон жакпайт. Кудайдан бул нерседен мени арылт деп суранам, багымдат намазын окуйм.
Кантип арылам?
Камила Юсупова
Психолог
Саламатсызбы. Мындан арылуу мүмкүн эмес. Же өзүңдү жектөө, сындыруу аркылуу гана.
Гомосексуалдуулук жана өзүңдүн жынысыңдагы адамдарга тартылуу патология болуп эсептелинбейт. Ошондой эле, кандай жанрдагы порно болбосун аны көрүү да нормалдуу эле нерсе. Дүйнө жүзү боюнча порно көргөн адамдар абдан көп. Буга жайбаракат гана мамиле кылуу керек.
Эгер сиз эркектерди жактыраарыңызды анык билсеңиз, демек ал чынында ошондой. Сиздин болгон жаратылышыңыз, түзүлүшүңүз, өзгөчөлүгүңүз. Ар бир адамдын мүнөзү, сырткы келбети, фигурасы, чачынын, көзүнүн өңү сыяктуу эле, бул сиздин бир бөлүгүңүз.
Учурда гомосексуалдуулук нормалдуу нерсе катары кабыл алынып, психикалык оору катарынан алынып салынган. Бул Оорулардын эл аралык классификаторунун акыркы, онунчу чыгарылышында көрсөтүлгөн.
Азыркы тапта сиз үчүн башкысы, өзүңүздүн жеке суроолоруңузга жооп табуу. “Ориентацияңыздын башка болушунун кемчиликтери эмнеде? Ал сизге кандай тоскоолдуктарды жаратып жатат? Сүйүктүү ишиңиз менен алектенүүгө, алдыга койгон максаттарга жетүүгө жолтоо болушу мүмкүнбү? Эгер сиз гетеросексуал болсоңуз, сиздин жашоо кандай болмок? Эмне иш кылмаксыз? Кандай кесипти тандамаксыз? Гомосексуал болуп туруп деле ал максаттарга жетүү мүмкүнбү?”
Ушул суроолорго чынчыл жооп берүүгө аракет кылыңыз.
Ийгилик!
Психолог Камила Юсупованы инстаграмдагы @institute_auca_kg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.