// //

Жолдошум баланы эркелете албайт, мээримсиз. Аталык сезимин кантип ойготом?

2020.03.31, 10:46
1887

Саламатсызбы. Инстаграмда отуруп, силердин баракчаңарды таап алдым. Абдан сонун кеңештер бар экен. Ишиңерге ийгилик!

Менин көйгөйүм жолдошумда. Баш кошконубузга эки жыл болду. Ортобузда бир жаштагы балабыз бар. Жолдошум кичине кезинен ата-энесинен ажырап, тай жагында чоңоюптур. Балачагында мээрим көрбөгөнгөбү, мага да, уулубузга да мээримсиз, жүрөгү муздак. Балабызды катуу кармайт, эркелете албай, ыйлата берет.

Балама боорум ооруйт, кенедейинде эле психикасы бузулуп калабы, деп чоочуркайм. Өзүнөн деле сурагам, сенин балаң го эмнеге эркелете албайсың, эмнеге мындай мамиле кыласың, бирөөнүн баласындай, десем, “и кантип эркелетет, кана көрсөтчү” дейт.

Ошондон бери анын мамилеси жүрөгүмдү өйкөп келет. Аталык сезимин кантип ойготом?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
31.03.2020, 10:48

Карлыгаш Акимкулова

Психотерапевт

Сиз туура айтып жатасыз, жолдошуңуз ата менен баланын ортосунда кандай мамиле болуш керектигин билбейт, анткени өзүндө үлгү ала турган кишиси болгон эмес. Адамдын жүрөгүндө мээрим, жок болсо, ал башкага да жылуулук бере албайт, жана бул сезимин көрсөтө албайт. Балким ал сүйүүнү, жакшы көрүүнү ушундай деп түшүнөт?

Мындайда, сизге кандай кеңеш береримди билбей турам. Анын балага жасап жаткан туура эмес мамилеси жөнүндө ачык айтып жатканыңыз абдан жакшы. Балага кандай мамиле кылышты билбей жатса өзүңүз көрсөтүңүз. Же болбосо сиздин атаңыз балдарына кандай мамиле кылчу эле, ошолор туурасында жылуу эскерүүлөрүңүздү айтып бериңиз.

Башкысы, уулуңузду орой мамиледен коргоңуз. Себеби бала коркок, ыйлак же тескерисинче агрессивдүү болуп калат. Жалтак бала да, ачуулуу бала да келечекте коомго аралаша албай, башкалар менен мамиле куруусу, дос күтүүсү, сүйүктүүсүнө сезимин билдирүүсү, ата-энесине жана бир туугандарына жылуу мамиле кылуусу оор болот.

Азырынча ал өтө кичинекей жана назик. Аны эркекче тарбиялоо али эрте. Азыр бала үчүн башкысы коопсуздук, чексиз сүйүү жана мээрим жана анын сезимдерин жана каалоолорун мыкты түшүнгөн адамдын жанында болуусу.

Ал эми чыдамкай, өжөр, көздөгөнүнөн кайтпаган мүнөзү бакчадан, мектептен, калыптанат. Баланын үйү жана ата-энеси биринчи кезекте таянар тоосу, ишене турган адам болууга тийиш.

Ийгилик!

Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт