// //

Ортобузда интимдик мамиле жок болгондуктан жигитим кыздарга барат. Ошол туурабы?

2020.03.30, 16:24
1990

Саламатсызбы. Жигитим экөөбүздүн ортобузда интимдик мамиле жок, ошондуктан ал кыздарга бара турганын ачык айтты. Биз үлөнүү тоюнан кийин гана кошулабыз деп сүйлөшкөнбүз.

Мен андан сураган эмесмин, билгим да келген эмес. Ал болсо “мен сага калп айткым келбейт” дейт.

Психолог, айтыңызчы, сүйлөшкөн кызы бар бирок жыныстык катнашты башка кыздар менен курганы нормалдуу нерсеби? Ал мени сүйөбү? Кийин үйлөнгөндөн кийин да барганын токтотпосочу кандай болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.03.2020, 16:26

Эльвира Чокоева

Психолог

Кутман күн!

Жигитиңиз сизди кызыктай абалга калтырыптыр. Сыягы, чынчыл болом деген шылтоо менен жоопкерчиликтин жүгүн сиздин мойнуңузга артып койгусу бар. Ал сизге ачык айтып койгону үчүн жеңилдеп калды, эми сизден жашырбай ачык эле кыздарга кете берсе болот.

А бирок, сиздин сезимдериңизди ойлогон жок. Бул чындык менен эмне кыласыз? Кантип жашайсыз? Билгениңерден не пайда? Анын үстүнө эч нерсе уккуңуз жана билгиңиз келбегенин алдын ала айтыптырсыз.  

Жашоодо түрдүү жуптар болот, айрым жигиттер үйлөнүү тоюна чейин сүйгөнүн күтүп, анын чечимин сыйлашат, эч кимге барышпайт. Айрымдары солго барышат, бирок сүйүктүүсүн капа кылып, сарысанаага батырбоо үчүн билгизишпейт.

Экөөңөр баш кошкондон кийин кандай болот, айткан сөзүнө турабы же жокпу эч ким алдын ала айтып бере албайт.

Бакытлуу болуңуз!

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт