Стилист Замира Молдошева: "Бирөөнү туурап кийинген болбойт!"
2018.11.19, 13:38
2479
Стилист - дизайнер Замира Молдошева түз эфирибизде конокто болуп окурмандардын суроолоруна жооп берди. Маекти толугу менен төмөндөгү видеоматериалдан көрүңүз.
Стилист-дизайнер болуш үчүн сөзсүз жөндөм керекпи?
Жөндөмү жок, бирок, каалоосу чоң болсо баарын үйрөнүп кетсе болот.
Дизайнер болгум келет. Мага кеңеш бериңизчи!
Дизайнер болом десең, сүрөткө көбүрөөк көңүл бур. Акыркы мода, тренддерди өткөрбөй карап тур.
Бирөөнү туурап кийинсе болобу?
Жок, бирөөнү туурай берген болбойт. Дүйнөдө канча адам болсо, ошонун ар бири ар башка.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.