Курсактагы балама “Синдром Дауна” коюлуп жатат. Эмне кылышты билбей турам.
Саламатсызбы. Боюмда бар, 13 жума болду. УЗИге үч жолу түштүм, генетикке барып, атайын анализ да тапшырдым. Ичимдеги балага “Синдром Дауна” деген диагноз коюлуп жатат. Доктур чек ара ачылгыча эки жума күтөлү, Алматыга анализ тапшырыш керек, ошол жактан 100% туура чыгат деди.
Мен тапшырган анализдерден жаңылыштык чыгышы мүмкүнбү же туура эле чыгабы?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Ооба, айрым учурларда анализ жаңылыш чыгышы мүмкүн. Анын үстүнө, биздин өлкөдө биохимиялык анализдер гана жасалат, б.а. эненин гормондорунун негизинде.
Ага караганда хромосомдук диагностика, тагыраак чыгат, бирок бул диагностика өтө кымбат болгондуктан бизде жасалбайт. Лабараторялар кан алып, Алматыга жөнөтүшөт.
Азыркы шартта бул процесс кыйынчылык туудуруп жатканы түшүнүктүү. Ошондуктан чечим кабыл алууда бир нече фактолорго таянуу зарыл: кош бойлуу эненин жаш курагы, үй-бүлөнүн генетикасы (тукумуңарда Синдром Дауна дегенге туш болгон жа башка генетикалык оорулар менен ооруган туугандар жокпу), кош бойлуулуктун башында эне кооптуу препараттарды кабыл алган эмеспи ж.б.
Кандай болгон күндө, да чечимди кабыл алуу, канчалык оор болбосун ата-эненин мойнуна жатат.