Үч айлык балам, улам-улам куса берет, бул нормалдуубу? Педиатр жооп берет
Саламатсызбы. Биринчи суроом: үч айлык балам көп кусат. Күндө кийимин алмаштырып турабыз. Баланын ден соолугуна коркунучу жокпу?
Экинчи суроом: балам сүтүммө тойтойбу, билбейм, эмизгенден тышкары 3 маал быламык жасап берип турам. Такыр салмак кошпой жатат. Төрөлгөндө 3000 кг эле, азыр үч айлык кезинде 4900 кг.
Диляра Искакова
Педиатр
Саламатчылык. Көп кусканы нормага ылайык келбейт. Демек: ичкен тамагы жакшы эмес, же бала тамагын сиңире албай жатат. Үч айлык балага быламык берген болбойт. Бул ал үчүн күчтүү тамак, улам кусуп салып жатканы да ошого байланыштуу болушу мүмкүн.
Негизи, балага 6 айына чейин эмчектен башка тамак берүүгө болбойт. Үч айлык наристени эмчек менен эле тойгузуу мүмкүн.
Экинчи сурооңуз боюнча айта турган болсом ымыркай бир айында 600 грамм кошуп, 2-3 айында 800 граммдан кошушу керек.
Нормага ылайык, балаңыз 5200 кг болуп калышы керек эле. Демек 300 грамм артта калып жатат. Баланын ден соолугун текшертип көрүү керек.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.