// //

Москвага кетип жатабыз. Баламдын жөлөкпулун ошол жактан алсак болобу?

2020.03.27, 11:31
1197

Саламатсызбы! Балам майып, жөлөкпул алабыз. Эми Москвага атабыздын жанына кетели деп жатабыз. Жөлөкпулду мурдагыдай эле ала беребизби же токтотулуп калабы? Москвадан ала тургандай кылып которуп кетсек болобу? 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.03.2020, 15:27

Айкөл Турганбаева

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн кызматкери

Саламатсызбы! Кырыз Республикасынын “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелген, пенсиялык камсыздоого укугу жок балдар 18 жашка чейин 4000 сом өлчөмүндөгү жөлөкпул алышат. Жаран бийик тоолуу, алыскы, барууга кыйын калктуу конушта жашаса, анда жөлөкпул райондук коэффициентти эске алуу менен дайындалат.

Мүмкүнчүлүгү чектелген бала менен чогуу жашаган ата-энесинин бирөөсү же асырап алган адам, камкорчу балага жөлөкпул дайындоо үчүн кайрыла алат. Жөлөкпулду дайындоодо баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, кайрылган адамдын өздүгүн тастыктаган документ, жашаган жеринен маалымкат, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелгендиги боюнча медика-социалдык эксперттик коммиссиянын баланын мүмкүнчүлүгү чектелгендиги боюнча маалымкатын алып, жашаган жери боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылуусу зарыл.

Жогорудагылардын баарын жалпы маалымат үчүн айтылды. Ал эми сиздин сурооңузга токтолосок, балаңызга мурда ай сайын мүмкүнчүлүгү чектелгендиги боюнча социалдык жөлөкпул алып жүргөн болсоңуз, Кыргызстандын аймагынан баланы дарылоо же башка жүйөөлүү себептер менен убактылуу кетип жатсаңыз, анда жөлөкпулду бул жактан ала берсеңиз болот, ал эми туруктуу жашоо үчүн Россияга кетип жатканда, жөлөкпулду ал мамлекетке которуп кете аласыз.

Анткени, Кыргызстан, Россия, Казакстан, Белоруссия, Өзбекистан, Молдова, Таджикистан, Украина жана Армения балдары бар үй-бүлөлөргө социалдык жөлөк пулду, компенсациялык төлөмдөрдү жана алименттерди берүү чөйрөсүндөгү жарандардын кепилденген укуктары жөнүндө эл аралык келишимге кол коюшкан.

Сиз кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
10.05.2020, 23:25

Мен жакында Кыргызтан банктан карточка ачтым ,эми акчаны 100сом 200сомдон ,терминал аркылуу которуп турсам болобу рахмаат

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт