Эмне үчүн эркектер жакшынакай жубайы турса деле башка кыздарга көз артышат?
Саламатсызбы. Мындай суроом бар эле. Жолдошум менден катып, инстаграмдагы кыздарды карай берет, керек болсо, телеграмдан алар менен жазышат.
Экөөбүздүн мамилебизди сактап калуу үчүн көп аракет кылдым. Маселе менде-го деп керек болсо өңү-түсүмдү оңдоп да чыктым. Бирок мындай көрүнүш токтогон жок.
Психолог кандай кеңеш берет болду экен? Эмне үчүн эркектер жакшынакай жубайы турса деле башка кыздарга көз артышат?
Асель Баимбетова
Психолог
Анын эмнени карап жатканын сиз кайдан билесиз? Телефонун кароого, текшерүүгө күйөөңүз өзү уруксат берди беле?
Мындай көрүнүш орун алып жатса, аны менен ачык сүйлөшүңүз. Анын башка кыздарга көз артып жатканы сизге катуу тиерин, жагымсыз абалда кала турганыңызды айтыңыз.
Бирок уруш чыгарып, күнөөлөп, кыйкырбай, жайдары сүйлөшүүгө аракет кылыңыз.
Айрым аялдар күйөөлөрүн жөнү жок текшерип, андый беришет. Телефонун карап, паролдорун ачып ж.б. Мындай мамилеси менен адамдын жеке аймагына кирип, укугун бузушат. Бул жакшы эмес.
Силер баш кошоордо анын мүнөзүн билчү белеңиз? Кээ бир кыздар баш кошкондон кийин анын мүнөзү, жүрүм-туруму өзгөрөт, мен жанында болсом башка кыздарга көңүл бөлбөй калат деген жаңылыш пикирде болушат. Бирок, түшүнүп койгула, анын натурасы ошондой, мындай эркектер эч качан токтолбойт, өзгөрбөйт.
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.