// //

Эки сөзүнүн бири эле “ажыраштырам, башка катын алып берем”

2020.03.24, 18:02
2831

Саламатсызбы. Турмушка чыкканыма 8 жыл болду. Күйөөм экөөбүз, кудайга шүгүр ынтымактуу, бактылуу жашайбыз. Экөөбүз тең иштейбиз, мен көбүрөөк табам.

Көйгөйүм кайын энем. Майда-чүйдө иштерге кийлигишип, уруш чыгарып, дароо мени каргап-шилеп кирет. “Канчык”, “жалап” деген сөздөр менен сөгөт. Эки сөзүнүн бири эле “ажыраштырам, башка катын алып берем”.

Унчукпай кутулайын десем, “не сүйлобөйсүң, тоготпогонуңбу” дейт.

Ата-энемдин эрке кызы болуп өскөндүктөн мындай сөздөр мага катуу тиет. Аларга айтканым жок. Биле турган болушса бир күн да жашатышпай алып кетип калышат. Таарынычымды ичиме катып, ыйлап отура берем. Өзүм тиричиликке, үй оокатына тыңмын.

Акча салганда гана жакшы сөз угам. Кайын энем менен жана күйөөмдүн бир туугандары менен кантип тил табышып, жакшы мамиле кура алам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.03.2020, 18:04

Эльвира Чокоева

Психолог

Саламатчылык!

Катыңыздын башында күйөөм жакшы деп жазыптырсыз, жана ага нааразычылыгыңыз жок экен. Бирок сиздин көйгөй менен жалгыз алышып жаткандай сезим калып жатат. Бул учурда күйөөңүз кайда? Кайын энеңиз жаман сөздөр менен сөгүп жаткан кезде күйөөңүз эмне кылып жаткан болот?

Бул тууралуу эч кимге айтпай, каяша сүйлөбөй, унчукпай кутулат экенсиз. Ал эми күйөөңүз, апасынын сизге жасаган мамилеси тууралуу билеби? Сиздин унчукпаганыңыз жана көз жашыңыз акыры эмнеге алып келерин түшүнүп турасызбы? Күйөөңүз сизди аялы катары да коргобосо, адам катары болушушу керек болчу.

Кайын энеңиз менен жана кайын журтуңуз менен жакшы мамиле кургуңуз келерин айттыңыз. Бирок сизди душман көргөн, жана кабыл алууга даяр эмес адамдар менен жылуу мамиле куруу мүмкүн эмес. Сиз канчалык аракет кылганыңыз менен ошончолук каршылыкка дуушар болосуз. Кандай дейсиз, бул нерсеге энергия, убакыт жана нерв коротуунун зарылчылыгы барбы?

Менимче, мындайда нейтралдуу позицияда калуу эң туура чечим.

Бактылуу болуңуз.

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт