Кайын энеси кийлигише берип курбум ажырашып кетти. Психологдун кеңеши
Курбум бар, ажырашканына тогуз ай болуп калды. Ортосунда бир баласы бар. Күйөөсү артынан төрт жыл чуркап жүруп баш кошушкан. Бирок кайын энеси себепсиз уруш чыгара берип, экөөнү ажыраштырды. Арадан үч ай өткөндөн кийин кайын энеси өзүнүн сиңдисин келин кылып киргизип алыптыр. Күйөөсү такыр өзгөрүп, баласынан да кабар албайт экен.
Курбум психологдон кеңеш алып берчи күйөөмдү унустамбы же кайтарсамбы, деп эмне кылышты билбей турат.
Эльвира Чокоева
Психолог
Кутман күн!
Бул кырдаалда негизги таасир эткендер жана башкалардын тагдырын чечкен кишилер курбуңуздун кайын энеси жана күйөөсү экен. Апасы эмне кылышты айтат, баласы анын сөзүн аткарат.
Баш кошконго чейин 4 жыл сүйлөшүшсө демек экөөнүн ортосунда кандайдыр сезимдер болгон. Бирок курбуңуздун күйөөсү өзүнүн таламын, үй-бүлөсүн жана кызыкчылыктарын коргой алган жок. А балким, каалаган жок. Ал дагы деле жетиле элек мырза экен. Ал үчүн энеден бөлүнүп өз алдынча ой жүгүрткөн киши болгондон көрө, аялынан жана баласынан баш тартуу кыйла жеңил экен.
Эми курбуңузга суроо: күйөөсү экөө кайра бир жашап калды дейли, ага ушундай эрксиз, апасынын сөзүнөн чыга албаган эркек керекпи?
Ал эми чоң кыз, менин сизге да бере турган кеңешим бар. Сизди чын дилиңизден далбастап, курбуңуз үчүн күйүп-бышып жатканыңызды түшүнүп турам. Бирок, эч качан башка бирөөнүн үй-бүлөсүнө кийлигишип, алардын көйгөйүн чечип берүүгө ашыкпаңыз. Акыры, баарына күнөөлү болуп калуу корокунучу жогору. Андан көрө өз жашооңузга көңүл бөлүңүз.
Ийгилик!
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.