Аялым жылына эки-үч жолу атайын шылтоо таап, уруш чыгарып төркүнүнө кетип калат
Ассалом алейкум. Менин аялым бар. Ал жылына эки-үч жолу шылтоо таап, уруш чыгарып төркүнүнө кетип калат. Кеткенден кийин 10-15 күн телефон чалбайт, сүйлөшпөйт. Эмне кылыш керек?
Венера Сыдыкова
Психолог
Саламатчылык. Аялыңыз экөөңөрдүн ортоңордо чыр чыгып, ошонун айынан ал төркүнүнө кетип калып жатканы, мамилеңерде чечилбей жаткан татаал маселе бар экенин билдирет.
Ал чындап эле атайы бир шылтоо таап, сиз менен урушуп, төркүннүнө кетип калып жатабы, же сиз ошого жеткиресизби? Аны урушка жеткирбей эле, жайдары ата-энесиникине барып келүүсүнө шарт түзүп бересизби? Эмне үчүн келинчегиңиз мындай жүрүм-турумду тандап жатат, ойлонуп көрдүңүзбү?
10-15 күн сүйлөшпөй койгону, демек сизге ушундай жол аркылуу таасир эткиси келет. Айта албаган нааразычылыгын билдирет.
Менин экөөңөргө тең бере турган кеңешим: ачык отуруп, ким эмнеге нааразы, ким-кимден эмнени күтөт, жана кандай мамиле кылуусун каалайт? Ушуларды сүйлөшүп алгыла да, бири-бириңерге ичтеги нерселерди жайдары сүйлөшүп айткыла. Өзүңөрдүн оюңарды айтып, башканын пикирин тынч, аягына чейн угууга үйрөнгүлө.
Силер кичине бала эмессиңер, ошондуктан көйгөйдү чоң кишилерге окшоп, сүйлөшүүлөр аркылуу чече баштагыла. Убакыттын өтүшү менен бири-бириңерге болгон нааразычылык, таарыныч улам өсө берип, чечилгис көйгөйгө айланып кетет.
Бактылуу болгула!