Мүнөзүмдүн өзгөрүп кетишине күйөөм күнөлүү. Кантип оңолом?
Мен 26 жаштамын. Турмушка чыкканыма төрт жыл болду. Ортобузда бир балабыз бар.
Күйөөм мени алып качкан, ошону менен отуруп калгам. Менин мүнөзүм өзгөрүп кетти. Эч кимге сүйлөгүм келбейт, түнтмүн, ошонун айынан эч кимге жакпайм.
Мүнөзүмдүн өзгөрүшүнө жолдошумду күнөөлөй берем. Жаңыдан баш кошкондо, жолдошума болушунча жакшы көрүнүп, ал үчүн бардыгын даярдап, убагында кылууга аракет кылчумун. Ал менин сыйлаганымды эч баалабады. Жаман сапаттарымды айтып, менден, кылган иштеримен кемчилик издеп эле туруп алды. Көп ирет көңүлүмдү оорутту.
Бир туугандарым да мурдагыдай болбой калыптырсың. Эмнеге биз менен сүйлөшпөйсүн дей беришет. А мен анте албай калдым. Башкаларга окшоп күлүп-жайнап, элдерге кошулгум келет.
Кантип өзгөрөм? Кеңеш бергилечи?
Асель Баимбетова
Психолог
Сиз өзүңүздүн каалооңуз менен турмушка чыккан жоксуз. Бул чечимди сиздин ордуңузга башкалар кабыл алып коюшкан. Ушунун өзү эле кооптонууну жаратат.
Балким, сизде жеке пикириңиз жок? Бар болсо деле башка адамдарга жок дей албайсыз, же башкалардын таасирине тез берилесиз. Буга сиздин сөздөрүңүз да далил. Күйөөңүз ар дайым сындайт, кандай болушуңуз керектигин айтат, сиз жасаган нерсени жактырбайт, деп жатасыз. Демек, башка адамдар сиздин кандай болушуңуз керек экенин өзүңүзгө караганда жакшыраак билгендей сезим калып жатат.
Эмне үчүн аларга ишенесиз? Ар кимдин сөзүн уга берип, башыңыз айланып калган. Кандай учурда жеке каалооңуз башталат, кайсы жерде башкалардын каалоосу экенин айырмай албай жатасыз. Ошондуктан менин сизге бере турган кеңешим. Алгач ички жан дүйнөңуздү изилдеп, “Мен кандай кишимин?, Өзүм эмнени каалап жатам?” - деген суроолорго жооп табыңыз.
Сезимдериңизди, каалоолоруңузду, пикириңизди ачык, тартынбай, айтуудан баштаңыз. Башкалардын реакциясына көңүл бурбаңыз. Ар дайым эле баардыгына жага турган сөзду айтып, жага турган ишти жасоо мүмкүн эмес да, туурабы?
Чөйрөңүздөн жан дүйнөсү сизге жакын адамды табыңыз. Сизди мактаган, колдогон, кеңеш берген адамдар менен көбүрөөк сүйлөшүүгө аракет кылыңыз. Интернеттен өзүңдү-өзүң өстүрүү (саморазвитие) жөнүндө видеолорду көрүп, китептерди окуңуз. Шартыңыз болсо жакшы психологго кайрылып, консультация алып көрүңүз.
Бактылуу болуңуз!
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.