Эмделбеген баламды мектепке албай коюшпайбы деп коркуп жатам
Саламатсызбы! Менде көптөн бери жүрөгүмдү оортуп келаткан бир суроо бар. Биз экинчи балабызды эмдеткен эмеспиз. Кийин мектепке албай койбойбу деп коркуп жатабыз. Ушундай болуп калышы мүмкүнбү?
Диляра Искакова
Педиатр
Үйдө отурган баланы "стерилдүү бала" деп коебуз. Себеби ал башкалар менен байланышта болбогон, үйдөгү шартта жүргөн таза бала. Ал эми бакчага же мектепке барганда коллективге кошулат, ар кандай ооруларды жугузуп алуу коркунучу пайда болот.
Азыркы учурда 12 ооруга каршы эмдөө жүргүзүлөт. Ал эми эки жашынан баштап эмдөө алган бала, бир жаштагы балага караганда бир топ аз эмдөө алып калат. Эмдөөлөрдү калтырып койгон энеде бакчага же мектепке албай коет деген эмес, бала ооруп калышы мүмкүн деген коркунуч болушу керек.
Бүгүнкү күндө кызамык, кызылча оорулары жүрүп жатат. Бала кызамык менен ооруп калса, өпкөсү сезгенет. Аял кош бойлуу учурунда кызылча менен ооруп калса, баласы майып болуп төрөлүп калышы ыктымал. Андан сырткары тепке оорусуна чалдыккан эркек бала тукумсуз болуп калат.
Биз дифтерия, көк жөтөл, столбняк, кара сарык сыяктуу коркунучтуу ооруларга каршы эмдейбиз. Эмделбеген бала бул оорулардын алдында алсыз болуп калат. Ошондуктан мүмкүн болсо эне баласын тезирээк алып барып эмдетүүсү керек.